www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жети-Өгүз районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана күрөш залы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган социалдык объекттерди аныктоо жана аларды мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагында 1997-жылы Светлая-Поляна айылында жайгашкан аянты 257 чарчы метр бала бакча жана 2011-жылы Дархан айылындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин 150 чарчы метр күрөш залы жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылгандыгын аныктаган.

Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында менчик ээлери өздөрүнүн социалдык объекттерге ээлик кылуусунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, ыктыярдуу негизде балдар бакчасынын имаратын жер тилкеси менен бирге Оргочор айылынын балансына жана балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин күрөш залын Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айылынын балансына өткөрүп беришкен, тагыраагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объекттерди мамлекеттин менчигине кайтарышкан.

Последние новости