www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12 жылдык окууга өтүү – бизге абдан ийкемдүү, инклюзивдүү жана инновациялык билим берүү системасын түзүүгө мүмкүндүк бере турган стратегиялык маанилүү кадам. Бирок, коомчулукта эки ача пикир айтылып, бир катар талкуу жаратууда. Андыктан, биз илим-билим тармагын ичинен билген адам катары Каныбек Осмоналиевге жолугуп, бир катар суроолорубузга жооп алдык.

12 жылдыкка өтүү – бул мезгилдин гана иши

2006-2007-жылдары эле аталган проблеманы чечүү маселесин министр кезимде өлкөдө биринчи жолу мен көтөрүп чыккамын. Алтургай тиешелүү документтер да каралган. Менин мындай аракетиме эмне себеп болгон? Анткени, так ошол мезгилде СССРден бөлүнүп чыккан 15 союздук республикалардын ичинен көз карандысыздыкты алган 10 өлкө шашып-бушуп 12 жылдыкка өтө башташкан. Аны деле туура түшүнгөнбүз. Алардын негизги максаты – бул орто билим берүү системасын эл аралык деңгээлге көтөрүп, дүйнөлүк коомчулукка интеграциялануу аракеттери болгон. Мындай кадамды алар өнүгүүнүн ылдамдатылган модели катары сезишкен. Зарылчылык ушул! Тилекке каршы, ошол кездеги чала сабат, анан калса билим берүү системасын түшүнбөгөн кээ бир даражасы бийик “чоңдор” менен депутаттардын бир тобунун азабынан аракетибизге катуу тоскоолдук жаралган. Мен болгону 9 ай министр болдум. Натыйжада, биз менен кошо Азербайжан, Беларусь, Россия жана Тажикстан болуп 11 жылдык билим берүү системасында калып кеткенбиз. Бирок, 12 жылдыкка өтүү – бул мезгилдин гана иши экенин ар дайым сезип жана айтып келгемин. Айрыкча ЖКнын профилдик Комитетин жетектеп турганда маселени улам-улам көтөргөнбүз. Эми мурдагы союздук республикалардагы 12 жылдык орто билим системасынын абалы жөнүндө обзор бере кетейин, себеби бул өтө маанилүү.

Казакстан. Мектеп реформасын 2000-жылдары эле масштабдуу баштап, 12 жылдык окутууну 104 мектептин базасында пилоттук режимде 2004-жылы киргизишкен. Бирок, бул реформа азыркыга чейин эле аксап келет. Тиешелүү мыйзам 2007-жылы эле кабыл алынганына карабастан, буга өтүү өтө оор экенин айтып келишет. Казак коомчулугунун басымдуу бөлүгү азыр деле каршы. Алардын ою боюнча, окуу китептер, мугалимдер жетишеби, окутуунун сапаты кандай болот айтор ушул сыяктуу жыйынтыгы бүдөмүк болгон долбоорго бюджеттен оңбогон көп акча сарп кылуу зарылбы? Баарынан кызыгы, алардын Билим берүү министрлиги 12 жылдык окутууну 2023-жылга толук аяктаарын убадалашкан. Болгондо дагы аталган долбоор так ушул жылы 1-класска бара турган балдарга гана тиешелүү, б.а. класстан класска секирүү болбойт дешкен. Жаңы долбоорго ылайык, башталгыч мектеп – 4 жыл, негизги мектеп – 6 жыл, ал эми жогорку класстар – 2 жыл болот деген чечимди кабыл алышкан. Ошол мектептердин приоритеттүү предметтери катары математика, информатика жана казак, орус, англис тилдерин бекитишкен. Казак тарыхы менен бүткүл дүйнөлүк тарыхты окутуу үчүн бирдиктүү окуу китеби сунуш кылынган. 12-класстын окуучуларын профилдик программа менен окутуп, алардын предметтерин азайтып, кээ бирлерин боюнча өздөрүнө тандоо укугун беришкен. Белгилеп коё тура нерсе, жаңы моделди турмушка ашырууга 20 жылдан ашуун убакыт кетти жана дагы деле уланууда.

Армения. Бул өлкө 12 жылдык окууга 2006-жылы киришип, 2017-жылы гана иш жүзүнө ашыра алды. Кызыгы, ошол жылы биринчи класска келишкен балдардын саны кескин өсүп кеткен. Анткени, кээ бир “акылдуу-амалкөй” ата-энелер балдарын 11 жыл эле окуй турган кылып, 5 жашынан мектепке бере башташкан. Мектеп структурасын 4 жыл башталгыч, 5 жыл орто жана 3 жыл жогорку мектеп деп белгилешкен. Армяндардын мыйзамы боюнча, орто толук жалпы билим берүү милдеттүү деп эсептелет. Демек, окуучулар 9-классты бүткөн соң, жогорку класстарда же кесиптик-техникалык окуу жайларда окуусун улантууга милдеттүү. Айтмакчы, ушундай эле схема бизде да сунуш кылынып жаткандай.

Тажикстан. Тажик туугандар 12 жылдыкка 2012-жылы кирише башташкан. Бирок, даярдыктары татаал тоскоолдуктарга учурагандыктан, азыркыга чейин 11 жыл эле окуп жатышат.

Түркмөнстан. Алар, СССР таркагандан бери 10 жыл эле окуп жүрүшүп, 2014-жылы 12 жылдыкка киришкен. Балдар 6 жаштан мектепке барышат. Башталгыч классы – 4 жыл, орто – 6 жыл, ал эми 11-12-класстарда адистештирилген предметтерди окушат.

Азербайжан. Азыркыга чейин 11 жылдык мектеп программасы менен эле окушат. Азербайжан өкмөтү дагы 2013-жылы 12 жылдык окууга белсенип, бирок, экономикалык шартка байланыштуу долбоор токтотулган. Негизги себептери катары – окуучулардын санынын кескин өсүшү, программаларды кайра иштеп чыккандан кийин жаңы окуу китептерин басып чыгаруу, кошумча мектептерди заманбап жабдыктары менен куруу, мугалимдердин кошумча санын каржылоо маселелери болуп эсептелет.

Украина. Алар 12 жылдыкка 1999-жылы эле өтүп алышканы менен 2010-жылы өлкө парламенти мектептерин кайрадан 11 жылдыкка которгон. Шылтоосу – ушул эле система эффективдүү жана бул украин коомунун талаптарына туура келет деп айтылган. Бирок, алар 12 жылдык окууга дагы да болсо аракет кылып келишет. Өлкөдөгү согуштук абал бул долбоорго, албетте тоскоол болууда. Ошондуктан, Украина бизге окшоп эл аралык жардамга кайрылып жүрөт.

Беларусь. Алар 12 жылдыкка өтүүнү кошуналары – Прибалтика өлкөлөрү менен катар тең жарышып башташкан. Ал турсун жаңы долбоордун Концепциясын 1998-жылы кабыл алышып, аны иш жүзүнө ашыра башташканы менин эсимде. Бирок, реформаны Президент Александр Лукашенконун талабы менен тез эле токтотуп коюшту. Негизги себептери – ата-энелердин жана педагогдордун нааразычылыгы болгон.

Россия. Биз, кыргызстандыктар, Россиянын окуу системасына ориентир жасап келгенибиз эч кимге жашыруун деле эмес. Алар 12 жылдык мектеп программасын 35 жылдан бери эле катуу талкуулап келишет. Бирок, иш жүзүндө эч кандай чечим кабыл алышкан жок. Ал турсун кийинки учурларда, кайрадан 10 жылдык мектеп окуу программасын пропаганда кыла башташты. Айтор, бир билгендери бардай…

Чынында 12 жылдык жалпы орто билим берүү системасы – бул Европанын классикалык модели. Алардын Германия, Франция, Австрия, Нидерланды, Испания сыяктуу ири өлкөлөрү бул окуу системасын бир нече кылымдар бою калыптандырып иш жүзүнө ашырып келишкен. Улуу Британия болсо 13 жылдык мектептери менен белгилүү. Мен, мугалим катары муну эске ала турган эффективдүү долбоор катары кабыл алам. Анткени, азыр мектеп программасы мурда болуп көрбөгөндөй оор жүккө дуушар болуп калды. Мезгил чакырыктарына туура келиш үчүн мамстандартка жаңы предметтерди киргизүүгө мажбурбуз. Анан калса убакыт – эң баалуу ресурс. Азыр балдарыбыз когнитивдик, маалыматтык технологиялардын революциялык темптерине дуушар болушуп, эрте эле чыйралып калышууда. Демек, ошондой баалуу турмуштук ресурсту жоготуп албоо үчүн, аларды бир жаш мурда мектепке берүү зарылчылыгы келип чыгууда. Мунун баары түшүнүктүү! Бирок, “жети өлчөп, бир кес” – деген элдик макал азыр дал ушул мектептерибиз үчүн актуалдуу болуп турат. Ооба, жакында эле Министерлер Кабинети 12 жылдык билим берүү саясатын расмий бекитти. Артка жол жок болуп калды. Ошондой болгон күндө эми эң башкы көйгөй проблеманы бир өңчөй, так кесе чечип салуу милдети турат. Бул – орто мектептердин материалдык-техникалык базасын ошол Европанын мектептеринин деңгээлине чыгаруу, мугалимдердин квалификациясын түп-тамырынан бери өзгөртүп, алардын билим сапаттарын тереңдетүү жана заманбап деңгээлге жеткирүү, ошондой эле социалдык абалдарын кескин жогорулатуу, айлык маянасын кеминде депутаттардын же министрлердин айлыктарына теңөө, ар бир класска медико-биологиялык нормага ылайык 25 окуучудан көп эмес класс-комплекттерди камсыз кылуу сыяктуу зор талаптар турат.

Шартыбыз жок деп кол куушуруп отура берүүнүн өзү – коом алдында чоң чыккынчылык

Биз эми 12 жылдык жалпы орто билим берүү системасына биротоло өтө баштадык. Министрлер Кабинети чечим кабыл алды. Бул жагдай, албетте, жогорку кесиптик билим берүү саясатына түздөн-түз таасирин берет. Бардык ЖОЖдор өз стандарттарын кайра карап чыгып, предметтер боюнча окуу программаларын модернизация кылууга мажбур болушат. Тилекке каршы, бул жаатта көйгөй маселелер өтө эле арбын. Бирок, шартыбыз ушундай да деп кол куушуруп отура берүүнүн өзү – коом алдында чоң чыккынчылык. Азыркы абалыбыз кандай? Эгемендүүлүктү алгандан баштап эле биз, кыргызстандыктар, аламан байгеге түшүп алып, Болонья процессине киргенбиз. Кредит-сааттарды топтоонун европалык системасын туу тутуп, бакалавриат-магистратура моделин тандаганбыз. СССР учурундагы специалитет программасын түп-тамырынан бери жоюп, тарыхтын таштандысына ыргытканбыз. Айтмакчы, биздин кошуналарыбыз, бул кадамдарга этияттык менен барышты. Ошол эле Россия жогорудагы көп баскычтуу жогорку кесиптик билим системасы менен катар эле 5 жылдык адистик билим берүүнү сактап калышкан. Азыр кайрадан, негизинен СССРде өзүнүн эффектүүлүгүн көрсөтө алган специалитетке артыкчылык берип жатышат. Кыргызстан, КМШ, ШКУ жана ЕАЭБ өңдүү интеграциялык бирикмелерге мүчө катары алар менен шайкеш келген билим берүү жана илим саясатын сактоо маселеси турган эле иш. Ошондуктан, улам эле Батыштын либералдык окуу системасына өмөчөктөй берүүбүз кандай келечекти берет экен, бизге? Жогорку окуу жайларыбыздагы билим сапаты абдан эле төмөндөп кеткен. Акча табуу деген азгырык көптөгөн ЖОЖдорду негизги милдеттен четтетип, алаксытып жатат. Мен министрликтин университеттердеги бакалавриат программаларынын окуу мөөнөттөрүн кыскартуу демилгеси менен кунт коюп таанышып жатам. Чынында бул оор маселе.

Бакалавриат – бул окуу мөөнөтү 4-5 жылга созулган, жогорку билимдин базалык деңгээли болуп эсептелет. Бул программа тандап алынган кесипке зарыл болгон фундаменталдык билимди алууга мүмкүнчүлүк берет жана өз алдынча илим-изилдөө ишин уюштурууга алгачкы жөндөмдү камсыздайт. Специалитет болсо, конкреттүү тармакта иштеп кетүүгө мүмкүнчүлүк берген жогорку билимдин ачкычы. Окуу мөөнөтү 5-6 жыл. Экөө тең жогорку билим алуунун деңгээлдери болуп саналышат. Бакалавриат менен специалитет синонимдик түшүнүктөр эмес! Экөө бири-биринен түп-тамырынан бери айрырмаланышат. Бакалавриаттын кийинки тепкичи – бул магистратура, андан кийин аспирантура. Ал эми специалитеттен кийин дароо эле аспирантурага кирүүгө болот. Ушундай реалдуу жогорку билим алуунун фундаменталдык иерархияларына шайкеш келген жалпы орто билим алууну камсыз кыла алабызбы? 12 жылдык билим алуу, албетте, жогорудагы талапка толук жооп бере алат! Анда эмне үчүн кээ бир биздин кошуна жана интеграциялык өнөктөш өлкөлөрүбүз 12 жылдыкка батынып бой ура албай турушат? Ооба, келечекте биз бул системага сөзсүз өтүүбүз керек. Мен буга бекем ишенем. Бирок, алгач тиешелүү шарттарды түзүү керек.

Последние новости