www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буудайбек Сабыр уулу - кыргыздын байлыгын кашыктап чогулткан, жан дүйнөсү бай, улут деп улуу иштерди жасаган өзгөчө инсан. Мындай инсандар чанда болот. Бул тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Жакында жакшы бир тойдо кыргыздын керемет инсаны, фольклор жыйноочу маркум Буудайбек Сабыр уулунун туугандары менен кудаа болуп чогуу болдук. Буудайбек агайдын жаркын элесин эстедик.

Мындай инсандар чанда болот. Кыргыздын байлыгын кашыктап чогулткан, жан дүйнөсү бай, улут деп улуу иштерди жасаган өзгөчө инсан. Буудайбек агадай мыктылар эми чыкпайт, уламыш катары гана эстутумда, ошондо да аны баалаган, барктаган саналуу гана адамдардын жүрөгүндө жашамакчы.

Буудайбек аганын жаны тынчу эмес. Ал манасчы, дастанчы, комузчу, кыякчы, жомокчу деги койчу эл арасындагы таланттар тууралуу угуп калса издеп таап, борбор калаага алып келип, тар үйүндө айлап жашатып, багып, сактаган өнөрүн жаздыртып алчу. Анын жыйнаган эмгектери том-том болгон китеп болмок. Аттиң дүйнө өз убагында мамлекет аздектеп иштетип, жыйнаган эмгектерин 10-15 том кылып чыгарып бергенде, улуттун уңгу маданияты байымак!

Буудайбек ага менен жакшы мамиледе элем. Анын кызыктуу баяндарын, аткарган баа жеткис эмгегин угуп отуруп жан дүйнөм байычу.

2006- жылы КТРКда иштеген кезимде бир күнү бөлмөмө келип, адаттагыдай көпкө сүйлөшүп отуруп, 3-4 саат кандай өткөнүн билбеппиз. Кетээринде эки китеби басууга дапдаяр болгонуна 10 жыл болуп, бирок чыкпай келгенин айтты. Дароо «Турар» басманын кожоюну, жетекчиси раматылык Тилек досума чалып кайрылдым. Дароо келсин деди.

Ошентип, Буудайбек аганын чыкпай келген сүрөттөгү эки китебин бат эле басмасынан бекер басып, үстүнө калем акысын да берди. Эки мыкты бирикти да калды. Жыйнаган эмгектери канча том болсо да чыгарып берээрин, даярдап берүүсүн Тилек досум айтып сүйүндүрдү. Буудайбек ага шымаланып ишке киришти.

Бирок, аттиң дүйнө айыккыс илдет денесин ээлеп алганын дарыгерлер аныкташты. Тилектери аткарылбай том-том китептери даярдалбай, басылбай кала берди....

Тойдо отуруп күйө баласы Болот мырза, сүрөттөгү чогуу түшкөн небереси менен ошол күндөрдү эстештик. Буудайбек агадай керемет инсанды андан айрылгандан бери кезиктире албай келем. Аттиң дүйнө!», - деп билдирүү калтырган Молдокасымов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости