www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Жылдыз Уракунова президентке кайрылуу жасады

УТРКнын башкы директорунун мурдагы орун басары Жылдыз Уракунова президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. Бул кайрылуусун ал Фейсбуктагы баракчасына жүктөдү.

Ал өз кайрылуусунда 2021-жылдын 1-апрелинде жумуштан мыйзамсыз алынгандыгын, бул маселе боюнча сотко кайрылып, биринчи эки инстанцияны жана Жогорку Сотту да уткандыгын билдирди.

"Ушул жылдын 27-июнунда Жогорку сот мени мурдагы кызмат ордумду калыбына келтирүү боюнча чечим чыгарган. 5-июль күнү УТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиев техникалык маселелерди чечүү үчүн эки жума күтүүнү суранган. Бирок андан бери 3 жума өттү, жылыш жок", - дейт Уракунова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости