www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эми айыл чарбасына келели биздин партократтар айыл чарбасында болгон кемчиликтерди реформатор Талгарбековго үйүп келатат. СССР тараган соң мурун деле аңды карап калган айыл чарбасы биротоло эңшерилет. Айрыкча, биздин Кыргызстанга окшогон айыл чарбасына таянган республикаларда бул тармак катаал кризиске учурайт. Айыл чарбасын сактоо үчүн мурунку СССР республикалары ар кандай жолго түшкөн, башынан баштайлы:
1.Орусиянын президенти Ельцин айыл чарбасына эч деле көңүл бурган эмес. Анткени, Орусия айыл чарбасы жок деле, өнөр жайы менен оор кризистен чыгып кетмек. Ошол кездеги Жириновскийге окшогон саясатчылар бекер жем жеген Кыргызстан сыяктуу республикаларды жоготсок, Орусия күн көрүп кетет деген пикирде болгон. Орусиянын айыл чарбасы таланып-талкаланып, канча миңдеген гектар жерлер жер жүзүнөн жексен болуп келаткан. Путин президент болгону бул алаамат аз-аздан тизгинделип келатат.
Айыл чарбасына реформа жасаган Бекболот Талгарбековдун пикирин угуп көрөлү: «Тилекке каршы, комплекстүү, ийгиликтүү экономикалык реформа жүргүзүлбөдү. Алар Орусияны карап, аны туурашкан. Орустардын Чубайс деген реформатору постсоветтик өлкөлөргө «маяк» болду. Анын реформасынын натыйжасында жаңы Орусияда 78 миң өнөр жай ишканалары тыптыйпыл талкаланды. Жүз миң айыл-кыштак жер үстүнөн жоголду. Чубайсты пир туткан кыргыздын алгачкы реформаторлору Кыргыз ССР өнөр жайынын төрттөн үчүн жок кылышты. Айыл чарбада гана аграрчылар, Чубайстын шакирттери менен салгылашып, укукту алардан өздөрүнө алып, жер жана агрардык реформа жүргүзүп, айыл өндүрүшүн 1989-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге көбөйтө алышкан».
2. 1991-жылдын 6-сентябрында СССРден бөлүнүп кетишкен Литва, Латвия, Эстониянын ал-абалын карайлы. Прибалтика республикалары 1940-жылы СССРдин курамына зордоп киргизилгени белгилүү. Алар союз жоюлаар замат өнөр жай тармагында Бальцеровичтин реформасын колдонушкан. Ал эми айыл чарбасында колхоз-совхоздорду дароо жоюп, жерлерди 1940-жылга чейинки менчик ээлерине кайтарышкан. Прибалтика өлкөлөрү он чакты жыл аралыгында Европа стандартына кайтып, татыктуу жашап-иштөөгө өтүшкөн. Азыр булар Евросоздун накта мүчөлөрү, Украина, Молдова, Грузия сыяктуулар биякка кире албай турушат. НАТОго мүчө болушкан Украинадагы согуш ал НАТОго мүчө болом дегенден улам чыкты. Түшүнгөндөргө эскертип койолу ата-теги бай жашаган бирин -экин адамдарга гана жерлер дүңүнөн кайтарылып берилген. Ал эми ата-теги жакыр жашаган элдин 90 пайызы жер үлүшү жок калган. Мисалы, Кочкор районун Ормон, Төрөгелди, Шамендин тукумдары бөлүп алган, мага окшогон чоң атасы бий болуп анча-мынча жерлери бар адамдар бир-аз үлүш алган, калгандарга колдун салаасынан бармагын көрсөтүп коюшкан.
3.Кавказ боюнда болсо да Литва, Латвия, Эстония сыяктуу реформага барган Арменияны алалы. Бул боюнча да белгилүү адис Талгарбековдун пикирин угалы: «Реформага барган төртүнчү республика – бул Армения. Анын акыбалы 90-жылдары катастрофа чегинде болгон. Азербайжан менен согушуп, толук блокадага кабылган. Ачарчылык кокодон алып, энергетикалык кризис курчаган. Токтоосуз реформадан башка арга калбаган. Аларда «колхоз, совхоздор кан-жаныбыз, ата-энебиз» - деп сайрашкан биздегидей «булбулдар» болгон эмес. Ошондуктан президент Тер-Петросян 1990-жылы январда өз жарлыгы менен колхоз-совхоздорду жоюп салган. Жер, мүлк айыл элине таратылып, 320 миң дыйкан чарба түзүлгөн. Жыйынтыгы, эгер 1990-96-жылдары, мисалы, Орусия, Грузияда айыл чарба өндүрүшү 60 пайызга төмөндөсө, Арменияда тескерисинче 120 пайызга өскөн».
4.КМШны тааныбай кылжың-мылжыңдап турган республикалардын бири Грузия. Бул жерде улам бийлик алмашып отуруп, мурунку компартиянын биринчи секретары, кийин СССРдин тышкы иштер министри болгон Шеварднадзе президент болот. Жүрүп отуруп реформатор катары таанылган Михаил Саакашвили президенттикке келет. Талгарбековду тыңшап көрөлү: «Реформатор бешинчи өлкө – бул Грузия. 2004-жылы 4-январда президент болуп Михаил Саакашвили шайланат. Агезде өлкөнү коррупция туташ чырмап, криминал башкарчу. Саакашвили «караларды» аёосуз талкалаган. Коррупция күрөшүн көрөлү. «Транспаренси Интернешнл» уюмунун дүйнөлүк рейтинги боюнча 2003-жылы Кыргызстан 116-орунда, Грузия артта, 125-орунда турган. Ал эми 2020-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан 124-орунда, Орусиядан жогору. Грузия болсо 46-орунга көтөрүлгөн. Ошондой эле, «бизнеске жакшы шарт түзүү» дүйнөлүк рейтинги боюнча учурда Кыргызстан 80-орунда, Грузия болсо 7-орунда. Кандай зор айырма, кандай укмуш прогресс! Саакашвилинин реформалары дүйнөлүк деңгээлде жасалган, мыкты үлгү катары тарыхта калат».
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg