www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызды ала качып, зордуктаган адам эки айга Бишкек СИЗО-1ге камалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар ​​билдирди.

Мындай чечимди Ысык-Ата райондук соту чыгарганы айтылды.

«Кыз май айынын аягында Instagram социалдык тармагынан бир жигит менен таанышканын, алар 5-июнь күнү жолугушканын милиция кызматкерлерине билдиришкен. Кылмышка шектүү А.Р. кызды үйүнө жеткирем деп убада берип, бирок аны шаардын сыртына алып кеткен. Жабырлануучу үйүнө кеткиси келгенин айтканда, шектүү аны үйгө алып кирип,телефонун жана санарип саатын алып, өчүрүп салган. Кыздын айтымында, ал киши ага кимдир бирөө буйрутма бергенин айткан. Эртеси эртең менен кыз качып кеткен" - деп билдиришти редакцияга.

Эске салсак, буга чейин милиция кызды ала качууга жана зордуктоого шектүүнү кармаган. Кылмышка шектүү кызды Ысык-Ата районунун Биринчи Май айылындагы дачасына алып келип, жабырлануучуну зордуктаган. Кыз эртеси, 6-июнда качып кетүүгө үлгүргөн. Кармалган адам күнөөсүн четке кагып, бардыгы өз ара макулдашуу менен болгонун айткан.

Последние новости