www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупциялык жана мафиялык өлкөгө айланган Украина менен Кыргызстандын айырмасы эмнеде? Экөө бирдей АКШнын колониясы сыяктуу болгон учуруда кылмыштуулук аябай күчөгөн. 30 жылдан бери чогулган кылмыш иштери президент Садыр Жапаровдун убагына туш болгондуктан, коррупция, мафия, кылмыштуулукка каршы күрөш жүрүп жатат.

Ал эми Украинада кылмыштуулукту колдоп турган АКШнын жардамы менен мамлекети талкаланып, эли чачырап калды. Согуштук курал-жарак жана техника жөнөтүп турган АКШнын жүздөгөн миллиард долларын алган улутчулдар Украинаны талкалап, Россия менен согушуп жатат.

Согуштук операциялар аяктагандан кийин фашисттер жазага тартылаары күтүлүүдө. АКШнын саясатын жүргүзгөн кыргыз президенттери убагында бандиттерден ашып түшкөн. Алардын уурдаган миллиарддары экономиканы өлтүрүп, элди жакырчылыкка алып келди. Жашоосу өтпөй калган миллиондогон кыргыз дүйнө жүзүнө чачырап кеткен. Кыргыз бийлигине кайрадан кайтып келүүнү көздөгөн саясый бандиттер ар кандай уюмдарга биригип, күч топтоодо.

Керек болсо чет элдик капиталисттерди тартып келип чыр чыгарганга даяр. Ушулардын жетегинде жүрүп, ушуларга ишенген карапайым кыргыздарга кыйын болду. Мамлекетти талап-тоноп кеткен президенттерди жазага тартмак тургай, аларга кошомат кылып келатышат. Анткени мамлекеттүүлүк, мыйзамдуулук эбак жок болуп, тескерисинче, кылмыштуулук күчөгөн. Бирин-бири “кустуруп”, чөнтөктөрүн кампайтып алуу – өзүнчө бизнеске айланды.

Бул жерде айтылгандарды бизден жакшы билген капиталисттер Украинага берген жүз миллиарддын бир эле миллиардын Кыргызстанга бөлүп койсо, геосаясатты түшүнбөгөн кыргыздар көтөрүлүп чыгат эмеспи. Өзүн-өзү жок кыла берген кыргыздарды карап турушса, бир чети кызык да. Кыргызстанды жок кылууну көздөгөн АКШнын саясатын жүргүзгөндөргө кошомат кылып, алардын согуштук авиабазасын айдап чыккан президент Атамбаевди түрмөгө камоо – кыргызга кылган душмандык.

Кыргызда Манас сыяктуу баатырын түрмөгө камап, эл душмандарын улуттук баатырына айлантып алган көкмээлик болгон эмес. Андай көкмээликке жол берген Украина талкаланып жок болгону калды.

Алардан кийин кезек бизге келиши мүмкүн. Анткени Кудай баарын көрүп турат да. Орустардын “Умные волосы покидают дурную голову” деген макалы болсо, кыргыздардын “Жеке таз менен жети таз” деген жомогу бар. Акаев менен Бакиевди алып келгиси келген жеке таз Атамбаевди жактырбай калган экен, аны колдоп кеткен жети таз гезит беттерине батпай калышты.

Алардын ою боюнча, президент Садыр Жапаров кошоматчылардын хоруна кошулуп, Кыргызстанды талкалап кеткен Акаевди, кыргыз элин кырып кеткен Бакиевди алып келип, Кыргызстанды калыбына келтирген Атамбаевди түрмөдө кармашы керек экен.

СССР убагындагы цивилизациядан качкан кыргыздар АКШны “обожать” этип, коррупциянын сазына батып калышты. Буларды сууруп чыгыш үчүн президент Садыр Жапаров коррупция менен мафияны, кылмыштуулукту жок кылышы керек. Эгер колунан келбей баратса, Путин баш болгон Россия жардамга келиши мүмкүн. Путин, Жапаров,.Атамбаев үчөө бириксе, күчтүү команда түзүлөт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости