www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токионун жанындагы синтоизм храмдарынын аймагында Владимир Путиндин сүрөтү чапталып, даракка мыкталган саман куурчактар ​​табылууда. Кимдир бирөө байыркы салт боюнча орус президентине наалат айтууга аракет кылып жатканын Би-Би-Синин орус кызматы билдирди.

Жапон прессасы түшүндүргөндөй, бул куурчактар ​​вуду культундагы куурчактардай эле ролду аткарышат (куурчакка ийне сайып дубалоо), бирок жапондордун өздөрүнүн эски адаты бар жана куурчакка ийне сайуунун кереги жок, аны храмдын айланасындагы бактарга мык менен кагуу керек.

Бул каада "уши но токи майри" деп аталат, бул "бука саатында храмга зыярат кылуу" дегенди билдирет, ал эми жапон салтында бука сааты - таңкы саат бирден үчкө чейинки убакыт.

"Адатта, саман куурчак аркылуу алар өлүмдү жөнөтүүнү суранышат", - деп түшүндүрдү Japan Today басылмасы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости