www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акча опузалоого шектүү жаран кармалды, деп билдирди Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы.
31-январда милицияга борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, социалдык түйүндөн таанышкан жигит андан 28-январдан тарта 20 миң сом талап кыла баштаган. Акчаны бербесе, анын интимдик сүрөттөрүн тарата турганын айтып коркуткан.
Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалоо) менен катталды. Октябрь РИИБдин ыкчам тобу тарабынан 2001-жылы туулган А.М. шектелип кармалып, убактылуу камакка алынды.
Милициянын маалыматы боюнча, шектүү Бишкек шаарында эркектердин чачтарачы болуп эмгектенип жүргөн.
Милиция шктүүдөн жабыркаган жарандар болсо кабар берүүгө чакырат. Байланыш номуру: (559) 00-99-99 жана «102» кызматы.