www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европалык белгисиз дипломат трансатлантикалык альянстын аякташын болжолдоп, мунун себебин Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Европаны "жок кылгысы келет" деген ойго негиздегенин Politico басылмасы жазды.

"Азыр бизде Европаны талкалоону көздөгөн Россиянын президенти жана ошол эле максатты көздөгөн АКШнын президенти бар... Бул трансатлантикалык альянстын аяктаганын билдирет", – деп дипломаттын сөзүн келтирет басылма.

Ошол эле учурда, жогорку даражалуу польшалык аткаминер Трамп чынында АКШны НАТОдон чыгарып же Европаны бөлүүнү каалабастыгын, тескерисинче, Европа өз коопсуздугу үчүн көбүрөөк жоопкерчилик алып, НАТОну бекемдөөсүн талап кылып жатканын белгиледи.

Буга чейин Сауд Аравиясынын борборунда Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын тапшырмасы боюнча жолугушуу өткөн. Анда Москва менен Вашингтондун өкүлдөрү эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусуна чейин чечилиши керек болгон маселелерди талкуулашты. Россия тараптан сүйлөшүүлөргө Тышкы иштер министри Сергей Лавров жана президенттин жардамчысы Юрий Ушаков катышса, АКШ тарабынан улуттук коопсуздук боюнча жардамчы Майк Уолтц, мамлекеттик катчы Марко Рубио жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүл Стивен Уиткофф болду.

Мунун алдында, Россиянын президенти Владимир Путин америкалык журналист Такер Карлсонго берген маегинде, Москва НАТО өлкөлөрүнө кол салууну пландабаганын жана мунун эч кандай логикасы жок экенин так түшүндүргөн. Ошондой эле, Батыш саясатчылары калкын "орус коркунучу" менен коркутуу аркылуу ички көйгөйлөрдөн алагды кылууга аракет кылып жатканын, бирок "акылдуу адамдар мунун жасалма экенин түшүнөт", – деп белгилеген.

Кремль да Орусия эч кимге коркунуч жаратпастыгын, бирок анын кызыкчылыктарына шек келтириши мүмкүн болгон аракеттерди жоопсуз калтырбай турганын билдирген.

Последние новости