www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызыктуу жомок, акча адалдоонун амалы беле?..

Башкы прокурор Курманкул Зулушев жакын арада иштен кетет деген сөздөр айтылууда. Буга анын тармакты тейлей албай, алашемдиктерге жол берип, реформа жасай албай койгону себеп болгон. Буга мисал катары, жакында эле коомчулуктун төбө чачын тик тургузган окуяны айтсак жарашат.

Тактап айтканда, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы, полковник Абдырасулов Рустам далил зат катары алынып (вещдок) сейфте сакталып турган 700 000 АКШ долларын букмекер конторасына уттуруп жибергени тууралуу тараган маалымат көпчүлүктүн эсин эңги-деңги кылды.

Учурда Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөө иштери жүрүп жатат. Зыяндын орду толтурулуптур. Бирок далил зат жок, жоопкерчилик жагы эмне болот деген суроонун жообу ачык бойдон турат.

Арийне, Абдырасулов далил зат катары сакталып  турган ири суммадагы акчаны чындап уттуруп жибердиби, же башкы прокуратура ушундай жол аркылуу “адалдап” бөлүшүп алыштыбы? Бул жагы күмөндүү...

Дегенибиз, Абдырасулов акчаны уттурбай эле үйүнө көтөрүп кеткенин, ал акчаны туугандары алып келип бергенин Башкы прокуратура маалымдады. Жакшы токулган кызык жомок бекен? Ким ишенет буга?

Мына биздеги укуктук, мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн органдын тас кейпи. Мындай көрүнүштөн соң, Башкы прокурор Курманкул Зулушев моралдык жоопкерчилигин сезип, токтоосуз отставкага кетиши керек болчу. Жок, отурат башым дебей.

Мындай окуя мыйзамды сыйлаган чет өлкөдө катталганда, ошол тармактын жооптуу жетекчиси, моралдык жоопкерчилигин сезип, элден кечирим сурап эчак отставкага кетмек. Биздин төбөлдөрдө мындай саясий маданияттуулук деген үч уктаса түштөрүнө кирбейт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости