www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда, Нарын облусунун Кочкор районундагы реконструкцияланган "Ормон Хан" паркын көрүп чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, паркты көрктөндүрүү иштери тарыхый ишмер Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесин белгилөөгө арналган иш-чаралардын алкагында жүргүзүлдү.

13 гектар аянттагы "Ормон Хан" паркы 1995-жылы эле ачылган. Пландаштырылган иш-чаралардын алкагында аны реконструкциялоого республикалык бюджеттен 36 млн сомдон ашык каражат каралган. Бүгүнкү күндө паркта эс алуучулардын ыңгайлуулугу үчүн жаңы тротуардык плитка төшөлгөн, жарыктандырылган сейилдөө аймагы курулган, ирригациялык система калыбына келтирилген.

Оркестрдин коштоосунда маданий-оюн-зоок программасы өтүп жаткан "Ормон Хан" паркында Мамлекет башчысы реконструкциядан кийинки паркты көрүп чыгып, Ормон Хандын 230 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралардын алкагында өлкөнүн бардык облустарынын өкүлдөрү тарабынан жасалгасы менен орнотулган боз үй шаарчасына барды, аталган программага катышкан коноктор менен баарлашып, боз үйдөгү аксакалдар менен чогуу аламан байге ат чабышын түз эфирде көрүп отурду.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости