www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин социалдык тармактарда «Кызымдын мурдун классташы сындырган, мугалимдерге нааразымын» деген эненин видеосу тараган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун, окуучу кыздардын ортосундагы чыр-чатак өткөн жылдын 19-декабрында болгонун Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

«2024-жылдын 19-декабрь күнү Көк-Жар айыл аймагынын жайгашкан Көк-Жар инновациялык мектебинин окуу классында өз ара пикир келишпестиктен улам, 2008-жылы туулган кыз анын бетине уруп, денесине жаракат келтирген. Кесепетинен кыз райондук аймактык ооруканасынын сынык-жарааттар бөлүмүнө кайрылган», — деп жазылат маалыматта.

Аталган окуя боюнча Ноокат РИИБде кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө 2008-жылы туулган кызга айыбы угузулган. Кабыл алынган чечим райондук прокуратура тарабынан мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Райондук билим берүү мекемеси бул окуядан кийин мектеп директоруна, анын тарбиялык иштер боюнча орун басарына, мугалимдерге сөгүш жарыяланганын билдирген.

Последние новости