www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бирде «Асман» шаарын кураарын, кайра кытай инвесторлору Ысык-Көлгө келээрин айтып, Бишкекке өзүнчө «сити» салып салаарын жарнамалап, айтор, Тимур Файзиевдин буркан-шаркан түшкөн маалыматтары коомчулукту таң калдырып келет.

«Элит-хаус курулуш компаниясынын жетекчиси катары таанылганы, былтыркы төңкөрүштөн кийин качып жоголуп, кылмыш жасагана деп шектелип, кийин кармалып, сурактан соң коё берилгени өзүнчө таржымалдай.

Буга түшүнбөгөндөр, ишенбегендер коомчулукта арбын. Бийликке жармашып алганы ого бетер эки анжы ой туудурууда. Анан калса, «Элит-хаустун чыныгы ээлери башкалар болсо, Тимур Файзиев аткаруучу директор катары пиар жасаган фигурабы?

Көмүскө кожоюндар артынан кандай "дирижёрлук" кылса, ошого жараша сайрай берген шоуменби? Негизи, мамлекеттик олуттуу долбоорлорду репутациясы таза, кыргыз улутуна күйгөн кадрлар аркалабаса, аягы жакшылык менен бүтпөй калат го? Сыягы, соболдор арбып кетти...

Булак: Азия News гезити

Последние новости