www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүн АКШнын 40-президенти Рональд Рейганга салыштырды.

The Washington Post гезитине берген маегинде Зеленскийден 2019-жылы президенттикке шайланган, актёрдук карьерасы бар жана аскерий билими жок адам катары Украина менен чек арада пайда болгон «качар түш» менен кантип күрөшө алды деп сурашкан. «Роналд Рейган да аскер адамы болгон эмес», - деди Зеленский.

«Мага ал жагат. Мен аны жеке таанычу эмесмин. Бирок мен күрөшүп, каалаган натыйжага жеткен адамдарды абдан сыйлайм», - деп жооп берди Украинанын президенти Рейганга суктанабы деген суроого.

Эске салсак, Зеленский 2019-жылдын жазында Украинанын президенти болгон. Шайлоонун биринчи турунун жыйынтыгы боюнча ал бардык талапкерлердин ичинен эң көп добушту (30,24%) жана ошол кездеги мамлекет башчысынын кызматын ээлеген Петро Порошенкодон эки эсе көп добуш алган.

Шайлоонун экинчи айлампасында Зеленский 73,22% добуш менен жеңишке жеткен. Андан кийин ал бир гана мөөнөткө президент болуп шайланганын жарыялады. Украинада кийинки президенттик шайлоо 2024-жылы өтүшү керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости