www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад ОИИБнин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө жана алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында, алдамчылык фактылары боюнча шектүү кармалып, ошол менен катар ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турушкан - 10 атуулдун үстүнөн түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, Жалал-Абад шаарынын аймагындагы күрөөканаларды иштеткен ишкерлердин ишеничине кирип, акча алып, ушул күнгө чейин алдап бербей жүргөн атуулдун үстүнөн арыз түшкөн. Алардын арызы Жалал-Абад ОИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 204- беренеси (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Өндүрүш ишинин алкагында жабырлануучулар шектүүдөн акчаны берүүнү талап кылып, байланышкан учурда ал өзүнүн уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсүнөн экендигин билдирип, коркутканга чейин баргандыгы аныкталган.

Тергөө кызматы тарабынан атайын тапшырма берилип, шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, 2017-жылдан бери ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, Жалал-Абад шаарынын тургуну 1996-ж.т. М.А. 28-февраль күнү кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Шектүүнү көрүп, таанып, андан жабыр тарткандар болсо Жалал-Абад ОИИБне же (0776) 03-63-28 номерине кайрылсаңыздар болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости