www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Жогорку Кеңешке келбеди беле, өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсүнө катышып. Ант берип бүткөн соң сөз сүйлөгөн эле. Президенттин ошол сүйлөгөн сөзүнө Малайзияга элчи болуп келген Кылычбек Султанов өзүнө караштуу сайтка божурап комментарий бериптир. Бул тууралуу Де-Факто гезити жазып чыкты.

Кылыч мырза өз сөзүндө: «Негизинен, бул пикирдин өзү өтө эле примитивдүү. Дүйнөдө аталган критерийлерге жооп бербеген, бирок өнүгүү жагынан алдыңкы орундарда турган мамлекеттер бар. Ал эми биздин өлкөдө, тилекке каршы, өнүгүү да жок жана ошол айтылган демократиянын белгилери да жоголуп бара жатат», -деген «глобалдуу» теманы козгоптур.

Экс-элчиге кайрылалы дедик эле: «Сиз айткан «примитивдүү» деген сөздүн кыргызчасы кандай болот?» -депчи.

Кылыч мырза, ушундай башкача сөздөрдү кантип таап алат, ыя? Бул сөздү чечмелегенге биздин акылыбыз жетпей туру. Гезиттин шөкөтүн (версткасын) жасап жүргөн «верстальщик» Кылыч мырза жетилип Президенттин сөзүн талдаганга жарап калды, эй! Бул жетишкендик эмей эмине?!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости