www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн миллион сом төлөп берди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы бүгүн, 19-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, Саркарбаев комитеттин каржылык-чарбалык ишине зыян келтирген деп, Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») менен териштирүү жүрүп жатат. Баштапкы маалыматтарга ылайык, Саркарбаев спорттук иш-чараларды уюштуруу, шаймандарды сатып алуу жана сыйлык ыйгаруу өңдүү аракеттер менен акчаны сол чөнтөккө кымырган.

Белгилей кетсек, 16-январда шаардык сот аны үй камагына чыгарган.

Эске салсак, УКМК Саркарбаевди аты-жөнүн жасалма документ аркылуу өзгөрткөн деген шек менен 17-декабрда кармаган. 23-декабрда Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов аны шаардык спорт комитетинин төрагалыгынан бошотуу тууралуу буйрук чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости