www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Якутск шаарынын өрт өчүрүүчүлөрү катуу чилдеде жумушка чыгып, өрт өчүрүп жумуш ордуна кайтып келишкенде кийимдери толугу менен тоңуп калган.
Видеотасмада эки адам тоңуп калган коргоочу костюмдарын балта жана атайын шаймандар менен тазалоого аракет кылып, аларга башка кызматкерлер да жардам берүүгө аракет кылып жатышканын көрүүгө болот. Ал эми бир топ калың муз капталган коргоочу баш кийимдерин жерге уруп гана муздан арыла алышкан.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн бири өзү чечинип, кемерин чече албай койгон. Жардамчылар темир шайманды рычаг катары колдонуп, кысымын бошотууга туура келген. Алардын достору окуяга күлүп, “эч нерсесин сындырып алба” деп тамашалап жатканын угууга болот.
Маалыматка ылайык, ал күнү Якутскта аба ырайы -54 даражага жеткен.
Булак: NazarNews.kg