www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын аэропортунан учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарган.
Бул тууралуу алгач Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова өзүнүн баракчасына жазып чыккан.
Кийин "Азаттык" бул маалыматты Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султановдон да тактады.
Анын айтымында Зууракан Каденова учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарган. Экипаж анын айынан бардык жүргүнчүлөрдү түшүрүүгө мажбур болуп, рейс бир нече убакытка кечиккен.
- Биздин элчиликке аэропорттон дипломатиялык паспорту бар жараныбыз самолеттон чыр чыгарып, түшпөй мас абалында жүрөт деген маалымат келди. Биздин консул бир кызматкер менен чогуу аэропортко барды. Бир-эки сааттай убакытта жетишти. Учактан чыкпай койгондугу үчүн элдин баарын түшүргөнгө аргасыз болушуптур. Жүргүнчүлөрдү кайра башынан каттоодон өткөрүшүптүр. Учак кечигүү менен учуп кетти. Ал айым өзүнө келе элек. Мен ага мейманканада эс алып, эртең учуңуз деп сунуштадым, бирок ал "мен бүгүн кетишим керек" деп жатыптыр. Air Astana аны "кара тизмеге" киргизиптир. Ошол себептүү азырынча башка авиакомпаниялардан билет табылбай жатат. Биздин маалымат боюнча ал дагы башка эки кызматкер менен Сеулга окууга келген.
Ал арада президенттин аппаратынын басма сөз өкүлү Толгонай Стамалиева билдирүү таратып, сөз болуп жаткан Зууракан Каденова президент Сооронбай Жээнбековдун жээни деген маалыматты жокко чыгарды.
- Сеулдагы министрдин орун басарынын катышуусу менен болуп өткөн инцидентке байланыштуу журналисттерден көптөгөн телефон чалуулар болууда. Ошого байланыштуу ал айым Кыргыз Республикасынын президентинин жээни деген маалыматты расмий төгүндөйбүз. Президенттин тапшырмасына ылайык Тышкы иштер министрлиги маалыматты тактап жатат. Маалымат ырасталса, премьер-министрге ал кызматкерге карата тийиштүү чара көрүү тапшырмасы берилди.
Булак: NazarNews.kg