www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Баатыры дүйнөлүк олимпке чыкты

Улуу согушта жыйырма сегиз панфиловчу Москва шаарын коргоо үчүн тикеден –тике туруп берип “баатыр” наамын алышкан. Угушубузча алардын бири коркоктук кылып бул наамга жетпей калган. Кыргызстанда жыйырма алты баатыр бар: Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Тургунбай Садыков, Салижан Шарипов, Турдакун Усубалиев, Сабира Күмүшалиева, Акбаралы Кабаев, Курманбек Арыков, Асанкан Жумакматов, Мамбет Мамакеев, Абсамат Масалиев, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Төлөгөн Касымбеков, Эрнис Акрамов, Кулийпа Кондучалова, Дооронбек Садырбаев, Исхак Раззаков, Алисбек Алымкулов, Бексултан Жакиев, Муталин Мамытов, Таштанбек Акматов, Жусуп Мамай, Алмазбек Атамбаев, Төрөбай Кулатов, Султан Ибраимов.

Кыргыз Эл Баатыры, кыргызстандык белгилүү хирург Мамбет Мамакеев Гиннес рекорддор китебине кирди.Ал хирург катары эң узак убакыт эмгектенген. Гиннесте анын карьерасы 67 жыл, 181 күн деп белгиленген. Медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында төрөлгөн. Ал Кыргызстандагы Медициналык академияны бүтүргөн. СССР убагында Жогорку Советтин депутаты, эгемендик жылдарында Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын 2004-жылы алган.

1759-жылы Ирландиянын борбору Дублин шаарында Артур Гиннес деген адам пиво чыгаруучу ишкана ачат. 1833- жылдан тартып бул ишкана Ирландиядагы ири пиво чыгаруучу жайга айланат. Ал эми 1930- жылы А. Гиннес Улуу Британиядагы эки пивзаводдун ээси болгон. “Гиннес” пивзаводунун өнүгүшүнүн себеби, Гиннес компаниясынын жетекчилиги рекламага көп көңүл бурушкан.

1951- жылы “Воксфорд” компаниясы тарабынан жергиликтүү аңчыларга арналган кечки тамакта “Гиннес” компаниясынын директору сэр Хью Бивер коноктордун бири менен Европадагы эң тез учкан куш “Золотая ржанка” деп талашат. Буга туура жоопту бир дагы справочник бере албайт. Бул талаш үч жылдан соң кайра кайталанат: “Золотая ржанкабы же шотланд кекилигиби?”. Ошондо сэр Хьюнун оюна “Гиннес” компаниясы тарабынан өзгөчөлөнгөн булак-справочник чыгарылып, ага кызыктуу жана өтө сейрек маалыматтарды киргизүү керек деген ой туулат.

Ошентип, “Гиннес” соода маркасы 1955- жылы 27- августта 198 беттен турган биринчи китепти басмадан чыгарат. Ага илимий далилдер менен эксперттердин күбөлөрү менен таанылган материалдар киргизилген. Бүгүнкү күндө “Гиннестин” рекорддор китеби дүйнөнүн 40 өлкөсүндө англис тилинде жарыкка чыгат, ошондой эле 37 тилге которулат. 2000-жылы “Гиннестин рекорддор китеби” расмий түрдө “Гиннестин дүйнөлүк рекорддор китеби” деп аталган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости