www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тайбэйдеги Тайчунг шаарында күрөш боюнча жаштар арасында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда Кыргыз балбаны Акжол Махмудов алтын медаль тагынды.
74 килограмм салмакта килемге чыккан балбаныбыз алгач үй ээсинин спортчусун, жарым финалда кытайлык балбанды жеңген. Финалда өзбек балбаны менен кез келип, атаандашына бир да мүмкүнчүлүк бербей утуп алды. Бул жеңиш менен ал Азия чемпиону аталды.
Белгилей кетсек, Акжол Махмудов буга чейин эки жолу Азия чемпиондугун, кадеттер арасында Дүйнө чемпиону аталган.

Булак: "super.kg"

Последние новости