www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакынкы убактардан бери Жогорку Кеңештин экс-депутаты Абдирейим Кулбаев тууралуу  туура эмес маалыматтар тарап, аны элге жек көрсөткөнгө аракеттер башталды. Алардын бетке кармаганы эле “Кербен” базарына Кытайдан ишкерлерди алып келип, “Дордой”, “Алканов” базарларында иштеп, үй-бүлөсүн багып жаткан кыргыз ишкерлерин банкрот кылып, базарда монополия жасап, өз чөнтөгүн гана ойлоп жатат. Кыргызга жасаган чыккынчылыгы...” деген суу кечпей турган божомолдор айтылган.

Чындык андай эмес экен. Калптын казаны кайнабайт эмеспи. Кулбаевге көө сүйкөгүсү келгендердин фокусу ишке ашпай калды. “Кербен” базарына иштегени барышкан кытайларды Кулбаев Кытайдан арзан күч катары алып келбей эле, ал кытайлар “Дордой”, “Алканов” базарларында 15 жылдан бери соода кылып келишкендер экен. Аларды Абдирейим Кулбаев базарына өзү чакырбаптыр.

Муну “Дордой” базарында иштеген өзүбүздүн ишкерлер да айтып жатышат. Кулбаев кыргыздардын кызыкчылыганан 5-6 кытайдын кызыкчылыгын жогору коёт деген да акылкы сыйбай турган сөз. “Кербен” базарындагы окуя тууралуу атайын иликтөө жүргүзүп келдик. Бул боюнча кийинки жумада кенен маалымат бергени турабыз. Кыргыз деп жүргөн Кулбаев кантип эле кыргыздардан кытайларды жогору коймок эле? Ушунун өзү абсурд.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости