www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты, Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы да бар экенин тастыктаган документ келсе анын мандаты алынат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов “Азаттыкка” билдирген.

- Башка мамлекеттин жарандыгын алганын биздин мамлекеттик органдар билбей калышы мүмкүн.   Эгерде Дамирбек Асылбек уулунун башка мамлекеттин жарандыгы бар экенин тастыктаган документтер келсе, анын мандаты алынат, деген Абдыжапар Бегматов “Азаттыкка”.

Мына сага БШКнын жүзү, депутат болбой туруп текшерүүгө алыншы керек эле.Бүгүн Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы да бар экени ырастаган нотаны жөнөткөн.

Бул жагы кандай болуп калды. БШК ошол убакта кайсы жакты карап жатты. Бул көрүнүшкө ким жооп берет Нуржан Шайылдабековабы же райондун акимиби? Эми жоопкерчиликке Шайылдабекова тартылабы? -деген суроолор жаралат...

Эске сала кетсек “Кыргызстан” фракциясынан келген эл өкүлү Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда 17-февралда кармалып 2 айга камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости