www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оомалуу-тѳкмѳлүү дүнүйѳ дегендей, иштеген иши менен эл оозуна алынып калган Султан Ибраимовго бут тосушкан империялык бийлик алай-дүлѳй бороондон алдастап, калдалактап учуп кетишти. Жандими авторитардык бийликтин карѳзгѳй тоскоолдугуна карабастан Ош облусунан «сокрушительный» сокку уруп, Ош түндѳрүн артында калтырып 1978-жылы  Жогорку Советке спикер болуп келди.

Бийлик терс жолго бурулуп, анын терс жолго түшүшүнѳ ошол мезгилде империяны мыкчып кармаган кѳшѳкѳр, ала кѳѳдѳн Саясий  Бюронун эмгеги зор. Ал ѳзүнүн кубаттуу бийлигин орнотуу максатында, бийликти чыӊдап, кѳзкарама, ээрчиме парламентти түзгѳн. Бирок ѳзү түзгѳн «машинага» ѳзү жем болуп кетти.

 Султан Ибраимов КПСС түзгѳн дейди бийликке кол куушуруп барган жок. Ал бул бийликке олуттуу сын айтып, авторитардык режимдин куугунтугуна кабылды. Доор алмашкан убакта Ош облусун бийлеп келген, Султан мырза доор алмашкан 60-жылдардын ортосунда Ош элине кадыр-баркы абдан зор болуп турган. Ѳткѳн кылымдын алтымышынчы жылдарынын ортосу, совет эли үчүн ѳткѳѳл, доор алмашкан, келечекке үмүт арткан мезгил болду.

Сталиндик-хрущевдук бийлик тамам болуп, совет эли бейпилдикте жашаган брежневдик бийлик башталды. Доор айкалышкан мезгилде Ошко жетекчи болуп, совет империясынын гүлдѳгѳн мезгилине туш келди. Анын күжүрмөн эмгеги түз эле Жогорку Советти башкарууга жетелеп келет. Бир мамлекетти башкарууга кадамдар гана калган. Анткени,кыргыз эли дал Султан Ибраимовдой залкарларды күткѳн.

Мамлекет башчысын ээлѳѳ үчүн Андропов сыяктуулар жулунуп турса да, мамлекеттик бийликти Брежневдин кызы Галина Брежнева менен күйѳѳсү МВД министринин орун басары Чурбановдор башкарып турушкан. Брежневдин күйѳѳ баласы Чурбанов министр Щелоковго баш ийген эмес. Ленинграддын жетекчиси, Романовдордун династиясынын ѳкүлү Брежневдин ордун кѳздѳп турган Романов Эрмитажка той берип, ызы-чуу менен кеткен, ал эми экономиканы эзип, Брежневге түз жол кѳрсѳтүп турган Косыгин, идеологияны ийлеп турган Суслов ушул мезгилдерде жарыкчылык менен кош айтышат. Бийликти мээлеп турган Юрий Андроповго Султан Ибраимов сыяктуу эл колдогон түз адамдын кереги жок эле.

Негизи, Султан Ибраимовдун кѳзүн тазалоо боюнча операция ийне-жибине чейин каралып, дыкаат уюштурулган. Мунун башында ошол мезгилде МВДны жетектеп турган Габидулин эмес, Москванын ошол мезгилде чет мамлекеттердеги ѳкмѳт башчыларынын кѳзүн тазалоо боюнча атайын окуудан үйрѳтүлгѳн коопсуздук органдары турган. Кызыгы, КГБнын тогузунчу бѳлүмү ушул иш менен алпурушкан, ал эми КГБнын тѳр агасы ушул ишти контролдукка алган Юрий Андропов болгон. «Карышкырга кой кайтарткан» заман болгондой. Чыныгы элдик уул Султан Ибраимовдун табышмактуу ѳлүмүнүн бети ачылбай кала берди. Султан Ибраимов ошол мезгилде жүргүзүлүп жаткан «жылма репрессиянын» курмандыгы болду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости