www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнүнө карата кол коюлган.

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер Султан Ибраимов жана Төрөбай Кулатовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган. Сыйлыктарды тапшыруу аземине алардын балдары катышат.

Мамлекеттик сыйлыктар медициналык кызматкерлерге, билим берүү, маданият, адабият, айыл чарба, курулуш ж. б. тармагынын өкүлдөрүнө, аскер кызматкерлерине тапшырылат.

Сыйлык алуучулардын арасында бир катар чет элдик жарандар дагы бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости