www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо башталганы эбакта бүтүп калган Куловдун үнү чыга баштады. Демократиянын түтүнү чыга электе эле полковник Кулов оозго алынып калган. ГКЧПнын убагында Акаев шымын булгап алганда, Кулов суу куюп берип жууган. Ошондон эрдемсинген Феликең ээрден түшпөй жүрүп, акыры мэрден түшкөн. Түшкөндө да Акаевди жыгып түшөм деп, жыгылып алдында калып абакта жатты. Аны март төңкөрүшү камактан чыгарган. Бакиев менен тандем түзүп, өкмөт башчысына чейин жеткен. Премьер-министрден мини ГЭСтин жетекчиси болгуча, бийлик төбөсүнөн төпөш уруп турду. Каккан казыктай эле төмөн кирип отурду. Аңгыча апрель төңкөрүшү болуп култуңдап суурулуп чыкты. Жөн да суурулуп чыккан жок, «саясий Сайкалдарды» ээрчитип чыкты. Эң биринчи мүмкүнчүлүк түзүлөөр менен алар жардан алыс түртүп кетти. Инфаркт болуп кала жаздаган Куловду, ары-бери жетелеп жүрүшүп,кайра өзүнө алып келишти окшойт. 2015-жылы шайлоо тамагын бууп үнү чыкпай калган, кайрадан добушу чыга баштады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости