www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайтини кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле инвестицияларды тартуу жана туризмди өркүндөтүүдө эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле министрдин орун басары А.Артыкбаев элчи А.Аль-Сулайтинин эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди чыңдоого кошкон жеке салымын белгилеп, кыргыз тараптын Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим Аль Танинин Кыргызстанга иш сапарын эпидемиологиялык кырдаал турукташканда уюштурууга даяр экендигин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости