www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда июлда сабиздин баасы төмөндөшү күтүлүүдө

Үстүбүздөгү жылдын июль айынын башында сабизге болгон баанын төмөндөшү күтүлүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу билдирди.

Анын айтымында, сабиз айдоо жерлери былтыркыга караганда көбөйгөн.

“Түшүмдүүлүк дагы жакшы болот деп жатабыз. Июль айынын башында сабиз, картошканын түшүмүн жыйноо башталат. Ошол учурда сабиз жана азыркы убакытта кымбаттап кеткен айрым продукцияларга болгон баа төмөндөйт деп күтүүдөбүз. Башкача айтканда, баалардын тез көтөрүлүп кеткени мезгилдик гана көрүнүш”, - дейт ал.

Илич Марсбек уулу кошумчалагандай, 2020-жылдын беш айында 13 миң тонна сабиз экспорттолсо, 2021-жылдын беш айында 31 миң тонна сабиз сыртка чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости