www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 25-декабрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президент басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.

Макулдашууда кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасынын чек ара режимине мамлекеттик чек араны кармоо жана кесип өтүү, мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү, мамлекеттик чек ара аркылуу жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү, чек ара чыр-чатактарын чечүү, мамлекеттик чек арада чарбалык, аң улоо жана башка иштерди жүргүзүү, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды өткөрүү маселелери камтылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости