www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-өзбек чек арасындагы окуяны милиция териштире баштады

13-майда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында болгон окуяны Баткен райондук ички иштер бөлүмү Жоруктар кодексинин «Ден-соолукка зыян келтирүү» беренеси менен тергей баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин мааламатына ылайык, 13-майда түшкө жакын Баткен районунун Сай айылы менен чектешкен Өзбекстандын Фергана облусунун Сох анклавынын тургундарынын малы эки өлкөнүн чектешкен аймагынан өтүп кеткен.

Сай айылынын тургуну малдын ээлерине жандыктарын алып кетишин айткан. Кийин Сох анклавынын 5-6 тургуну топтолуп келип, беш кыргыз жаранын сабаган. Бул окуядан соң жергиликтүү 50-60 адам чогулган. Ал эми денесинен жаракат алган кыргызстандыктарга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости