www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ульянов университетинин Индиядан келген 16 студентинен коронавирустун B.1.617 үлгүсүндөгү же индиялык штаммы аныкталды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары тиешелүү өкмөттүк мекемелерге шилтеме берип жазышты. Вирус аныкталган студенттер менен байланышта болгон 120дай адам эки апталык изоляцияга жөнөтүлдү.

Аларды аэропорттон шаарга алып келген эки такси айдоочусу байкоо алдында экени белгилүү болду.

Орусиянын Ульяновск облусунда жаңы штаммдын аныкталганына байланыштуу азырынча кошумча чаралар көрүлбөй турганы айтылды.

Индиялык штаммды Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун мутацияланган жаңы түрү катары каттаган.

Индияда соңку бир нече аптадан бери коронавирусту жугузгандардын жана андан каза болгондордун саны абдан көп болуп жатат. 13-майда өлкөдө 360 миңден ашык адамдан вирус табылды. Мындай кырдаалда Индиянын саламаттык сактоо мекемелеринде орундар жетишпей, көйгөй жаралды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости