www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп келерки айда митинг өткөрүүнү кайрадан жандантат

АКШнын экс-президенти Дональд Трамп июнда митинг өткөрүүнү кайрадан жандантат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, митингдер качан жана кайсы жерде өтөрү азырынча белгисиз.

Трамптын штабынын мүчөсүнүн айтымына караганда, 2 митинг июнда, ал эми дагы бири 4-июлда өтөт.

Маалымат үчүн, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо болуп өтүп, анда Трамп экинчи мөөнөт үчүн ат салышып, ага 77 жаштагы Жо Байден атаандаш болгон. Жыйынтыгында Жо Байден жеңип чыккандыгы жарыяланган. Трамптын тарапташтары шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, бир канча убакыт бою митингге чыгышкан.

Ушул жылдын 20-январында Дональд Трамп бийликтин демократ Жо Байденге өткөнүн расмий түрдө тааныган.
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости