www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мамлекеттик бажы кызматы Кытайдын бажы башкармалыгы менен кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин жандандыруу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Онлайн өткөн жыйында кыргыз тарап жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынын ПЧР-тесттерди тапшыруусу каралган алгоритмди сунуш кылды. Кытайдын тиешелүү органдары алгоритмди кыска мөөнөттө карап чыгып, өз шарттарынын тизмесин жөнөтөрүн билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин Тышкы иштер министрлиги кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» өткөрмө бекети 8-июндан тарта иштей баштарын маалымдаган.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда автомобилдик эки өткөрмө бекети бар - Ош облусундагы «Эркечтам» жана Нарын облусундагы «Торугарт». Экөө тең коронавирус пандемиясына байланыштуу январь айында жабылган. Ал эми «Эркечтам» Кыргызстандын өтүнүчү менен 15-апрелден тарта ишин уланта баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости