www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 22-январында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасында товар биржалардын жана биржа соодасынын иштеринде келип чыгуучу мамилерди укуктук жөнгө салууну жакшыртуу максатында аталган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 29-июнундагы № 915-XII «Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө» мыйзамына айрым өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости