www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, „Тышкы эмгек миграция жөнүндө“, „Тышкы миграция жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 14-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын ченемдери иш издөө жана убактылуу эмгектенүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагына мезгил-мезгили менен келип турган чектеш мамлекеттердин жарандарынын эмгектенүү иш-аракеттерин мыйзамдаштырууга багытталган.

Чек арага танапташ эмгек-мигранттары Кыргыз Республикасынын аймагында акы төлөнүүчү жеке эмгектик иш-аракетин визасыз режимдин колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде, Кыргыз Республикасынын салык салуу жана тышкы эмгек миграциясы чөйрөлѳрүндөгү мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жалданма жумушчуларды жалдоого укуксуз жеке эмгектик иш-аракетине патенттин негизинде жүзѳгѳ ашырат.

Чек арага танапташ эмгекчи-мигранттарга эмгек миграциясына квота жайылтылбайт.

Кыргыз Республикасына жеке эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында келген чегарага танапташ эмгекчи-мигранттарга визасыз режимдин колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде эмгек визасын алуу талап кылынбайт.

Чек арага танапташ эмгекчи-мигранттын жеке эмгектик иш-аракетине патенти болгон шартта миграция жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү уруксат документтерсиз аларды жалданма жумушка тартууга укуктуу жеке адамдар чегарага танапташ эмгекчи мигранттарга жумуш берүүчү боло алат.

Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер чегарага танапташ эмгекчи-мигранттарга жумуш берүүчү боло алышпайт.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси 57-1-беренеси менен толукталып, ага ылайык, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасында эмгектик ишин жүзѳгѳ ашыруу эрежелерин бузуусу 5-категориядагы айып пул салууга алып келет. Бул иштерди кароо ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жүктөлгөн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости