www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам кинематография чɵйрɵсүндɵгү мыйзамдардагы ченемдерди тактоо, карама-каршылыктарды жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 10-январында кабыл алынган.
Тактап айтканда, кабыл алынган Мыйзам менен «Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жɵнүндɵ» Мыйзамына тɵмɵндɵгү ɵзгɵртүүлɵр киргизилген:
-Мыйзамдын 3-беренесинин 6-бɵлүгү тɵмɵнкүдɵй редакцияда баяндалган:
“Фильмдин продюсери – республикалык бюджеттен каржыланган кино чыгаруучу уюмдарда мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдардан тышкары, фильмди каржылоо, тартуу жана жүгүртүү демилгесин жана жоопкерчилигин ɵзүнɵ алган жеке же юридикалык жак”. Бул ɵзгɵртүү фильмди каржылоодо, тартууда жана жүгүртүүдɵ демилге кɵтɵрүп, жоопкерчилигин алып, республикалык бюджеттен каржыланган учурда мамлекеттик уюмдун жетекчиси продюсер катары катталып калган учурларды болтурбоо максатында киргизилген;
- Мыйзамдын 5-жана 6-беренелериндеги карама-каршылыктарды жоюу максатында 5-берененин 2-абзацындагы “Аудиовизуалдык чыгармаларды цензурадан өткөрүүгө,” деген сɵздɵрдɵн кийин “ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган учурларды кошпогондо” деген сɵздɵр менен толукталган;
-Мыйзамдын 6-беренесинин 1-абзацы тɵмɵнкүдɵй редакцияда баяндалган:
“Фильмдин концепциясы учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен ɵзгɵртүүгɵ, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырууга; согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка; улуттук, этностук, расалык, социалдык, диний кастыкты тутандырууга; улуттук же тектик артыкчылыкты, сабырсыздыкты үгүттɵɵгɵ тийиш эмес. Фильмге порнографиялык мазмундагы сценаларды киргизүүгө жол берилбейт”.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости