www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20- февралындагы №128 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу токтом долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин дарегине киргизилген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18 сентябрындагы №492 токтому менен Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги жөнүндө жобо жаӊы редакцияда бекитилген. Ошого байланыштуу, долбоор менен Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин структурасын өзгөртүүнү, тактап айтканда башкаруу схемасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги аймактык органдарынан гана эмес борбордук органдарынан да түзүлөөрүн көрсөтүү сунушталат.

Токтом долбоору мамлекеттик органдар менен макулдашууга жиберилген. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республиксынын мыйзамынын 22-беренесине ылайык коомдук талкууну уюштуруу талап кылынбайт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости