www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 22-январында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен салыктык жалпы декларациялоо 2026-жылга чейин жылдырылды жана жеке жактардын айрым категориялары үчүн бирдиктүү салык декларацияны тапшыруунун милдеттүүлүгүн этап боюнча киргизүү каралды.

Кабыл алынган Мыйзамга ылайык бирдиктүү салык декларациясын берүү боюнча  Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесинин талаптары:

1) 2021-жылдан тартып башталган мезгил үчүн төмөнкүлөргө жайылтылат:

— илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруучу-тескөөчү иш-милдеттер менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болгон органдарда, мекемелерде, ишканаларда жана уюмдарда иштеген жеке жактарга;

— мамлекеттик органдарда, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар менен мекемелерде, ошондой эле мамлекеттик үлүштүк катышы бар уюмдарда иштеген жеке жактарга;

 — эл аралык уюмдардагы иштен киреше алган, Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жеке жактарга;

— салыктык мезгилде эсептик көрсөткүчтүн 3000 эселенген өлчөмүнөн жогору суммада менчик укугун же мүлккө болгон башка укугун сатып алууга багытталган бир жолку чыгымдарды тарткан жеке жактарга.

2) 2023-жылдан тартып башталган мезгил үчүн салыктык мезгилде салык салынуучу кирешелерди алган жеке жактарга жайылтылат.

3) 2025-жылдан берки мезгилдеги бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-бересинде көрсөтүлгөн адамдардын бардык категорияларына таркатылат.

Ошондой эле кабыл алынган Мыйзамга ылайык 2021-жылдан, 2023-жылдан же 2025-жылдан тартып башталган мезгил үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүүгө милдеттүү субъекттер бирдиктүү салык декларациясын көрсөтүлгөн мезгилдер башталганга чейин ыктыярдуу негизде берүүгө укуктуу.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости