www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңешке көмөк көрсөтүү боюнча “Өнүгүү үчүн өнөктөштүк” программасынын колдоосу менен кыргыз парламентинин көзөмөлдөө ишмердүүлүгү боюнча даярдалган эң мыкты материалдар үчүн ЖМКлар арасында сынак жарыяланат. Бул тууралу Жогорку Кеңеш Басма Сөз кызматы билдирди.
Сынактын максаты – Жогорку Кеңештин көзөмөлдөө ишмердүүлүгүн чагылдырууга кыргыз ЖМКларын кызыктыруу, ошондой эле аталган темага коомчулуктун көңүлүн буруу.
Сынакка 2017-жылдын 1-декабрынан 2018-жылдын 15-майына чейинки бардык өлкө аймактарындагы ЖМКларга мамлекеттик жана расмий тилде жарыяланган журналисттердин эмгектери (видео, аудио материалдар, аналитикалык макалалар, очерктер, обзорлор, атайын репортаждар жана лонгриддер) кабыл алынат. Жарыяланган материалдардын текстинин көлөмү 5 миң белгиден (боштуктарды кошо), видео же аудио материалдардын узактыгы 10 минуттан ашпоосу керек.
Сынакка кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2018-жыл, 18-май саат 18:00гө чейин.
Сунушталган эмгектердин саны чектелбейт.
Белгилей кетсек, сынакка илимий-методикалык макалалар, нормативдик-укуктук базага карата түшүндүрмөлөр, илимий автордук изилдөөлөр, методикалык иштер, андан сырткары, коммерциялык шартта чыккан жарнамалык жана маалыматтык материалдар кабыл алынбайт.
Катышуучу сынакка сунушталган эмгектин автору экендигине жана жеке автордук укук бузуу болбой тургандыгына кепилдик берүүсү зарыл.
Сынак төмөндөгүдөй номинацияларда өтөт:
Сынактын жыйынтыгы 2018-жылдын май айынын соңунда жарыяланат. Жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар (нетбуктар, смартфондор жана диктофондор) менен сыйланат. Эгерде сунушталган эмгектер сынактын талаптарына жооп бербесе, уюштуруучулар сыйлыктарды ыйгарбоо укугуна ээ.
Калыстар тобуна Жогорку Кеңештин депутаттары, уюштуруучулардын өкүлдөрү жана тажрыйбалуу журналисттер кирет. Эмгектер калыстар тарабынан төмөндөгү ченемдер менен бааланат.
Жогоруда саналып өткөн ченемдерге ылайык даярдалган материалдар арасында өтө турган сынакка байланыштуу Жогорку Кеңешке көмөк көрсөтүү боюнча “Өнүгүү үчүн өнөктөштүк” программасынын колдоосу менен ЖМК өкүлдөрү үчүн Ментордук мектеп шартында сериялык окуу тренингдери өтүүдө. Анын катышуучулары парламенттин көзөмөлдөө ишмердүүлүгү жана аны чагылдыруу маселелери боюнча толук маалымат алышууда.
Сынакка кайрылуу тартиби:
Материалдарды жеке журналист да, ЖМКнын редакциясы да сунуштай алат.
Сынакка сунушталган материалдарга ЖМК тууралуу маалымат жана автордун аты-жөнү (эгер лакап ысымы болсо, ал дагы берилет), иштеген жери/тармагы, кызматы, байланыш телефондору кошо тиркелет. Кайрылуу тартиби эркин түрдө.
Келген материалдар рецензияланбайт жана кайра кайтарылбайт.
Сынакка сунушталган эмгектер “Жогорку Кеңештин сынагына” деген белги менен [email protected] электрондук почтага же Бишкек шаары, Чүй көчөсү №205 дарегине жөнөтүлүүсү кажет (парламент имаратынын батыш көзөмөл өткөрмө пунктундагы почта кутусу)
Сурап-билүү үчүн: Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы 0312 63-92-00
Эльвира Козубекова
Булак: NazarNews.kg