www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аталган рубрикабыздын бүгүнкү коногу 2008-жылы Бээжин олимпиадасында күмүш медаль тагынып кыргыздын атын чыгарып, намыс коргоп, желегибизди бийик желбиреткен спорт чебери Канат Бегалиев болмокчу.

Спортчу туурасында…
Канатбек Бегалиев 1984-жылы 14-февралда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында туулган. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери. Бээжин олимпиадасында жараткан ийгилиги үчүн мамлекет тарабынан Даңк медалы менен 2008- жылы сыйланган. Үй- бүлөлүү, беш баланын атасы. Учурда Кыргызстандын Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти кызматтын аркалайт. Спорттон сырткары сууда сүзгөндү жана бильярд ойноону жактырат. Жакшы ырдайт, тар чөйрөдө обон созуп калат. Кээде ырдап бугун чыгарат, жаратылышта эс алып энергия топтойт.

Спортко ташталган кадам… 
–»Аганы көрүп ини өсөт» дегендей, өзүнүн бир тууган агалары спорт менен машыгып, ар кандай сынактарга катышып жүргөндүктөн, Канат Бегалиев да кичине кезинен эле спортсмен болууну самап, 14 жашынан баштап күрөш менен машыга баштайт. Ошол кезде өзү менен бирге спортко барып жүргөн балдар борбордогу спорт мектебине кете башташат. Алардын кетип жатканын көргөн кичинекей Канат Бегалиевдин да спорт мектебине кеткиси келет. Бирок ата-энеси каршы чыгып, айласы кеткенде акыры машыктыруучу Ороз Шаршекеев деген агайын ортого салып, спорт мектебине келип кирет. Атайын айылдан келгенден кийин деп машыгууну калтырбай, болгон күчүн спортко арнап, бир жыл убакыт өтпөй эле, тагыраак айтканда 1998-жылы Москвада жаш балдардын дүйнөлүк олимпиадасы өтүп, анда 8-орунга илинет. Бул жаш спортчунун алгачкы чоң ийгилиги болгон
десек болот. Себеби өз салмагы боюнча дүйнөлүк мелдеште 8-орунга татыктуу болуунун өзү жетишкендик эле. Дал ошол мелдеш жаш спортчунун келечегине жол ачып берген десек жаңылышпайбыз.

Бала чагы… 
Спортчунун бала чагы өзү туулуп- өскөн Өзгөрүш айылында өткөн. Мектепте окуп жүргөндө классындагы эң кичинекей бала болгонуна карабай, эң тентеги да болуптур. Башка класстагы балдарды бири-бири менен кайраштырып, көп мушташтыргандыктан айылдагы апалар кечектеги чоң спортчуну көп жактырышпай, кийин спорт мектебине кеткенде «чын эле ушул тентектен арылдыкпы?» деп кадимкидей кубанышып, көпкө чейин ишенбей жүрүшүптүр. Айылдан келген тентек бала спорт мектебине келгенде жоош балага айланат. Себеби шаардын мектебинде андан да тентек «жинди» балдардын көп экенин көрөт. Ошону менен бала кездеги тентектиги токтолуп, спортко олуттуу мамиле жасап, ийгилик жаратат.

Өкүнгөнү…
Бээжиндеги жеңиштен кийинки мактоолор, атак спортчуну көптүрүп жиберип, ал дагы бир жолу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарат. Болбосо Канат Бегалиев Бээжин олимпиадасын жеңгенден кезде болгону 25 гана жашта болчу. Анын дагы бир олимпидага катышып, өз күчүн сынап көрүүгө толук мүмкүнчүлгү бар эле… «Алтын алмайынча спорттон кетпейм» деген сөзүн «жылдыз оорусу» иш жүзүнө ашырбай койгонуна өзү да өкүнүп келет. «Спорттун өмүрү кыска, убакытты уттурбагыла, убагында күчүңөрдү көрсөтүп калгыла жана эч качан күчүңөрдү өзүңөрдөн алсыздарга колдонбогула. Чыныгы балбан өзүнөн күчтүү атаандашка гана күчүн жумшайт» -деген кеңештерин жаш спортчуларга айтып келет.

Ийгилик, сыйлык, сыймык…
2008-ж. ХХIХ Бээжин олимпиадасынын 66 кг. салмактагы грек-рим күрөшү боюнча күмүш байгенин жеңүүчүсу.
2007-ж. Бишкек шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча ХХ Азия биринчилигинде 66 кг. алтын байгенин ээси.
2006-ж. Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарында өткөн дүйнөлүк биринчиликтин 66 кг. күмүш байгенин ээси.
2004-ж. Афина олимпиадасында Ташкент шаарында өткөн лицензиялык турнирден күмүш байгеге ээ болуп, жолдомо алган.
2003-ж. Индия Республикасынын Нью-Дели шаарында өткөн чоңдор арасында Греко-рим күрөшү боюнча Азия биринчилигинде коло байгени жеңип алган.
2002-ж. Иран Республикасынын Тегеран шаарында болуп өткөн жаштар арасындагы Азия биринчилигинин күмүш медалынын ээси.
2001-ж. Иран Республикасынын Тегеран шаарында болуп өткөн Азия биринчилигинин алтын медалынын ээси.
2000-ж. Иран Республикасынын Хамадан шаарында болуп өткөн өспүрүмдөр арасында Азия биринчилигинин күмүш медалынын ээси.
1999-ж. Дания Республикасынын Никобинг шаарында болуп өткөн өспүрүмдөр арасында Дүйнөлүк биринчилигинде олжолуу бешинчи орунга ээ болгон.
1998-ж. Россия Федерациясынын Москва шаарында болуп өткөн Дүйнөлүк жаш өспүрүмдөр ююндарында жетинчи орунга ээ болгон
2008-жыл…
Бул күн кыргыз эли үчүн тарыхый күн болгон. Ошол кездеги сезимдер туурасында айтсак азыр сөз жетпес… Кубаныч… сыймык… куттуктоолор… Кыскасы, 2008-жылы Бээжин олимпиадасында желегибиздин бийик желбиреши биз үчүн чоң сыймык эле. Ушул сыймыкты канча жыл күтүп, үмүт кылып ишеним артып келгенбиз. Үмүт оту жанып, ишеним акталды… Чынын айтканда Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдин жеңиши кыргыз спортунун кадыр-баркын көтөрүп, намыс алып келди. Эки балбандын жеңиши жаш спортчулардын үмүтүн жандырып, спортко болгон көз карашын өзгөртө алды. Ошол жеңиш азыркы мыкты деген спортчуларды тарбиялады, өстүрдү. Ошол жеңиш жаштарды спортко олуттуу мамиле кылганга, ийгиликке жетсе болот экенине ишендирди. Ошол жеңиш көп спортчуну кримдүйнөдөн сактап калды… Себеби ал биздин спорттогу эң чоң ийгилигибиз эле…

Жаркынай Кадыркулова

Булак: “Фабула” 

Последние новости