www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кара-Кулжа районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтү аймагына жайгашкан Ортолук айылында 1992-жылы асмандан аябай каттуу ылмадыкта таш түшкөн. Мен ошол ташты өз көзүм менен көргөнмүн. Асмандан келген меймандын тирүү күбөсү мен болом. Ал тумар таш түшүп келе жатканда асмандан кадимкидей шуулдаган үн чыккан", - деп бүгүн, 16-июлда жеринен NazarNews.kg маалымат агенттигине Советбек Осмонов билдирди.

“Мен атайын илимпоздорго кайрылат элемин, ошол жерди изилдеп көрөлү, тумар таш түшкөн жер оюлуп калган. Эми ошол жерди изилдегиле. Мен асмандан түшкөн тумар таш тууралуу бир нече жерлерге “изилдегиле” деп,  бардым, пайдасы болбой жатат”, - деген видео кайрылуусун жөнөткөн жергиликтү тургун.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстанда "Тоң районуна асмандан таш түштү", дешип соцтармактарга жүктөп келсе, жакын арада эле Балыкчы шаарында асмандан "Аллах" деген жазууну тартып алышкан. Мындан бир нече жыл мурун ошол эле Балыкчы шаарынан адамдын көзү даана байкалып турганын белгисиз жаран тартып алган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости