www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Март айынын биринчи декадасында кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди.

Бөрүбаев 15-февралдагы брифингде айткандай, кыргыз тараптын делегациясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жетектейт, курамында бардык тийиштүү тармактардын өкүлдөрү болот.

«Биздин жарандар коюп жаткан маселелерди ошол жерден карап, чечкенге аракет кылабыз. Өзүңөргө белгилүү болгондой, Тажикстан менен биздин ортобузда чек ара өтө татаал. Айрыкча Баткендин Ак-Сай, Көк-Таш айылдарында жана Лейлек районунун кээ бир жерлеринде шахматтык тартипте жайгашып калган – биздин кээ бир жарандар тигил тарапта, алардын кээ бир жарандары биз жакта. Ошондуктан сүйлөшүү кыйын маселе экен. Тактап, чечкенге көп убакыт талап кылынып жатат. Сөзсүз чечкенге аракет кылабыз», - деди ал.

Соңку күндөрү Баткендин Баткен жана Жалал-Абаддын Ала-Бука райондорунда Тажикстан менен чектеш аймактарда жергиликтүү тургандар менен коңшу мамлекеттин жарандары ортосунда жерге байланыштуу чыр-чатактар катталган.

Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Казакстан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн. Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, азыр ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган. Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85 пайыз), андан бери дагы 10 пайызга жакыны такталды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости