www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркагандарга кенемте төлөнбөй жатат, деп билдирди «Интербилим» эл аралык борборунун Оштогу филиалынын жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева бүгүн, 16-декабрда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйында.

Ал түшүндүргөндөй, кеп ушул жылдын апрель айынын аягында чек арада болгон окуя тууралуу болуп жатат. Чыр чыккан учурда 36 адам каза болуп, 140 үй-бүлөнүн үйү өрттөнүп, 250дөн ашуун тургун талап-тоноодон жапа чеккен.

Мамасалиева белгилегендей, сурамжылоого ылайык, жабырлануучулардын басымдуу бөлүгү жоголгон же уурдалган мүлкү үчүн акчалай кенемте төлөнүп берилүүсү боюнча тынчсызданууда. Мындан тышкары, алар келтирлиген зыяндын суммасы туурлауу так маалымат ала албай келет.

Максат айылынын тургундары аларга үй салып берген бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиришти. Бирок, Максат айылыны тургуну Рызбан Толубаеванын айтымында, башка маселелер да бар. Алар: электр энергиясы, таза суунун жана көмүрдүн жетишсиздиги. Максат айылынын дагы бир туругуну Адинаев Сапаралинин айтымында, чек ара айылдарында мындан сырткары дагы тонолгон, уурдалган мүлктүн компенсациясы, үй-жайды камсыздандыруу, жаштардын миграцияга кетүүсү, жумуш орундарын түзүү сыяктуу маселелер бар. Алар мамлекеттик органдардан бул маселелерди тез арада чечүүнү суранды.

Өз кезегинде президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди чечүү биринчи орунда турат деп билдирди. Анын айтымында, бийлик жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүнү үч этапка бөлгөн.

«Бул үйсүз калгандар үчүн үй куруу. Экинчиден, кенемте төлөө жана, үчүнчүдөн, уурдалган, тонолгон буюмдардын ордун толтуруу», - деди ыйгарым укуктуу өкүл.

Алимбаев жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча ачык-айкын маалымат берүүгө аракет кылып жатканын айтып, бардык пикирлер эске алынарын убада кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости