www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик менчикти өз арбайы үчүн согуп, бюджеттен төлөнгөн мунайзаттарга туура мамиле жасабай ысырап кылып, күйөөсү менен чартаңбай тепкендер бар. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 203 млрд 563,5 млн сомго же УДПнын 28,5 пайызын ээлейт. Мамлекеттик бюджетте ашыкча жүктөрдү алып,тиешелүү гана пункттар менен парламенттен өткөнү турат.

Бул абдан кубанычтуу нерсе, анткени "Кыргыздипсервистин" мурунку мамлекет башчылары дайындап кеткен Башкы директору Айнура Садырбековнага окшогондор мамлекеттик менчикти жеке менчикке айлантып көнгөн. "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын 540 АG жана 299 AE кызматтык машинасын көптөн бери бул ишканага тиешеси жок адам айдап жүргөнү элге таанымал болуп бүттү.

Бул адам Талант Шаршеев. Ал эмгек, социалдык жактан камсыздандыруу жана миграция министрлигинде башкармачылыктын начальниги болуп иштейт, жөн кызмат эмес... Ал жакта министр болуп келген Кудайберген Базарбаев катуу көзөмөлдүккө алгандыктанбы өз кызматтык машинасын колдонуудан качып "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Айнура Дубанаеванын 540 АG жана 299 AE кызматтык машинасын башынан колдонуп көнүп калган.

Анткен себеби да бар, "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Айнура Дубанаева Талант Шаршеевге сүйүктүү жубай болгондон тышкары кызматтык автомашиналарга мунайзатын өзү бөлөт.

Ай сайын мамлекеттин эсебинен 400 литрден ашык мунайзаты чыгымдалат. Мунайзаты улам кымбаттаган сайын жол кире да көтөрүлүп карапайым калк жол жүргөндөн да жалка баштады. Ал эми мамлекеттик начальник Талант Шаршеев мейли бир айдамактан миң айдасын, бирок ушул мамлекеттик автоунааларды айдай турган айдоочулар да мамлекеттик бюджеттин эсебинен айлык алышат да.

Бул мамлекеттин эсебинен камсыздалган кызматтык машиналарды Талант Шаршеев «Өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип» чартаңбай тээп, айдагандыктан айдоочулар кантип айлык алышат же "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Айнура Дубанаева өзүнүн күйөөсүн айдоочу кылып каттатып алганбы?

Анда Талант Шаршеев эмгек, социалдык жактан камсыздандыруу жана миграция министрлигинде башкармачылыктын начальниги болуп иштейби же аялынын "шопуру" болуп иштейби?

Деги "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Айнура Дубанаева мамлекеттик бюджетти мүлжүп канча акча алат? Анткени, элчилер миллиондоп акча алгандары белгилүү. Элчилердин айлыгы бир мектептин мугалимдерин чогултуп келгендеги бир айлыгына тете:

1. АКШ жана Канададагы өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи экс-президент Роза Отунбаеванын иниси 2020-жылы айлык маяна түрүндө  3 432 793,7  сом алган жана айлык акыларынын деңгээли боюнча элчилердин жана консулдардын сап тизмесинде биринчи орунду ээлейт. Андан тышкары ага тиешелүү Toyota Land Cruiser, 2018-жылы чыккан, V-4.7 Үй — 160 кв.м.

2.Кытайдагы өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи 3 208 228 - 22 202 сом - дивиденддер ААК (ишенимдүү башкарууга берилген) 2 батир — 113 кв.м. жана 31 кв.м.

3. Гулнара Клара Самат (экс БШК төрайымы) (Орусия, Армения) 2 389 869 

4. Шарипов Жусупбек Шарипович,экс-президенттин агасы  (Украина, Болгария, Румыния)   2 265 961,  батир (50% үлүш) — 71 кв.м.

5. Жунусов Ибрагим (Өзбекстан) экс-вице-премьер, 2 223 000 же жарандык -укуктук бүтүмдөрдөн кирешелер менен 2 939 000 сом, Mercedes Е-320, 1999-жылы чыккан  батир — 68 кв.м.

6. Түштүк Кореядагы өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи  2 198 344 Үй — 110 кв.м.

7. Германия, Дания, Норвегия, Швеция, Сан-Марино, Ватикандагы  өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи 1 805 760 Subaru Tribeca, 2006-жылы чыккан, V-3000 2 үй - 209,6 кв.м. жана 231,5 кв.м.

8. Улуу Британия, Түндүк Ирландиядагы  өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи 1 732 500 батир — 71 кв.м. гараж — 17,2 кв.м. Мурунку элчи Эдил Байсалов вице-премьерди алды.

9. Түркиядагы өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи 1 611 487,38

10. Ибраимов Эрмек Султанович (Беларус, КМШ), экс-премьердин уулу, 1 479 097,23 -  2 135 977,60 сом (башка булактардан кирешелер) Үйдүн бөлүгү — 320 кв.м. батир — 82 кв.м.

11. Казакстандагы өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи 1 330 388,08 Lexus RX-330, 2004-жылы чыккан, V-3311 батир — 100,6 кв.м.

12. Катар, Кувейттеги өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи 1 323 826 жер тилкеси — 5 сотый  батир — 153 кв.м. кампа — 6,5 кв.м. гараж — 22 кв.м.

13. Абдуразаков Авазбек Ишенбаевич,экс мамлекеттик катчынын уулу, 977 882,5 Акционердик коом (ишенимдүү башкарууга берилген) — 12%  батир — 80 кв.м. үй — 200 кв.м. көп жылдык өсүмдүктөр — 500 кв.м.

"Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Айнура Дубанаевага келсек мамлекеттик бюджеттин акчаларын самандай сапырбай өз кызматын татыктуу аткарса деген ой.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости