www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгерде чыныгы бир элдин купулуна толо турган бийлик болсо баарын мойнуна алыш керек болчу. Бул тууралуу коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
- Сиздин оюңузча кечээги парламенттик шайлоо кандай деңгээлде өттү?
- А дегенде менин айтаарым чакырганыңарга ыраазымын. Менин угушума караганда Кытайдын Эл аралык чоң телекомпаниясы силер менен бирдиктүү келишим түзүп иштеп жатыптыр. Негизи Кыргызстанда 100дөгөн телеканал бар, бирок ошолордун арасынан силерди тандаптыр. Себеби алар абдан изилдеген, кайсы бир телеканалда эң бир таланттуу адамдар бар деп. Демек, мунун баары бекеринен эмес, силердин кадыр-баркыңар эл аралык деңгээлде экенинен кабар берет. Мен силерди куттуктайм.
Ал эми шайлоо боюнча айта турган болсок, акыркы парламенттик шайлоо менин оюмча ыплас болду. Бийликтегилердин айрымдары обу жок мактап жатты “шайлоо таптаза болду” деп.
Кээ бирлери акча тараткандарын, топ-тобу менен келип шайлаганын өздөрү эле айтып койду. Ал эми жетекчилердин баары эле “шайлоо таза болду” деп жатышат. Мына ушуга окшогон калп сөздөр элди тажаткан.
Эгерде чыныгы элдин купулуна толо турган бийлик болсо, баарын мойнуна алыш керек болчу. Булар болгону бир нерсени мойнуна алды: “Техникадан ката кетти” деп. Менин оюмча, кеп техникада эмес. Техникага салынган маалыматтарды чыгарабы же техника маалыматтарды ичинен өзү ойлоп таап алабы? Кептин баары ошол техниканы ким башкарып, маалыматтарды ким салып жатканында болуп жатпайбы. Кээ бир партиялар 76% добуш алдык деп, бир аздан кийин караса эле 44-45ге түшүп калыптыр. Мына ушул жерде бир былык жатат деп ойлойм.
Булак: NazarNews.kg