www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуунун натыйжасында 44 бала атасыз калды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Бир үй-бүлө жалгыз уулунан айрылды, деди ал. «Биздин божомолдор боюнча, 30га жакын адам ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар деп таанылышы мүмкүн. Ушул себептен биз өзүнчө мыйзам долбоорун иштеп жатабыз», - деди ал.

Солтонбекова ошондой эле мамлекет атасыз балдарга айына 1000 сом төлөп жаткандыгын белгиледи. «Ошондой эле, биз кошумча төлөм боюнча мыйзам долбоорунун үстүнөн иштеп жатабыз», - деп кошумчалады ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости