www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда кырсыктаган туристтерди куткаруу үчүн Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги тик учак жөнөттү. Дүйшөмбү күнү Скрябин мөңгүсүнүн аймагында казакстандык, орусиялык жарандардан турган туристтик топ тоодон кулаган таштардын соккусунда калган. Жети кишиден турган топ 4100 метр бийиктиктеги тоодо саякаттап жүрүшкөн болчу. Жарандарын куткаруу үчүн Казакстандын куткаруучулары Кыргызстанга учуп келди. Куткаруучулардын ыкчам тобу 9 кишиден туруп, анын ичинде 2 кинолог болгон, алар МИ-171 тик учагы менен учуп келишкен.

Кырсыктаган туристтердин бирөөсү каза болуп, дагы бирөөсү оор абалда, туристтердин дээрлик баары жабыркаган. Казак куткаруучулары кырсык болгон райондон өз жарандарын алып чыгып кетишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости