www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Макулдашуунун алкагында Бишкек шаарында ачылган кыргыз-түрк достук мамлекеттик ооруканасын эки тарап 3 жыл биргелешип башкарат, бул мөөнөт аяктаган соң, оорукананы башкаруу укугу кыргыз тарапка биротоло өткөрүлүп берилет.

Бул тууралуу 12-мартта Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КР Өкмөтү менен Түркия Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарында мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле кыргыз жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркияда билим алуусу жөнүндө макулдашуу жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясын ратификациялоо учурунда айтылды.

Өткөрүлүп берилгенден кийинки 3 жылда Түркия Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан мониторинг жана координациялоо жасалып турмакчы. Анда медициналык жардам сурап кайрылган адамдарга кызмат көрсөтө турган 72 жатак орун бар,

Мындан тышкары, макулдашууда мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын башкаруудагы жана каржылоодогу жаңы принциптер менен программаларды өткөрүп берүү, жыл сайын 20 кыргыз дарыгерди Түркияда окутуу мүмкүнчүлүгү каралат. Алар ченөө, тандоо, жайгаштыруу борбору тарабынан бөлүштүрүлөт. Ал эми бөлүштүрүлө турган стипендиант-студенттеринин саны эки тараптын ортосунда сүйлөшүлгөн келишимдердин негизинде аныкталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости