www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар күн тартибине ылайык, маалымат каражаттарын каттоо боюнча мыйзам долбоорун карады.

Сунушталган долбоорго ылайык, маалымат каражаттарын каттоо убактысын 30 күндөн 10 күнгө кыскартууга багытталган. Бул мыйзам Юстиция министрлиги тарабынан сунушталып, бүгүн экинчи окууда каралып жаткан. Бирок юстиция министринин орун басары Равшан Абдуллаев эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп бере албагандыктан, депутат Рыскелди Момбеков анын жоопкерчилигин кароону сунуштады.

“Министр өзү кыргызчаны кыйналып сүйлөсө, орун басары онтоп сүйлөйт экен. Бул жерде орун басары "маалымат каражатын каттоону кыргыз өкмөтү аныктайт" деп айтып жатат. Эмне үчүн башка уюмдарды Юстиция министрлиги каттайт да маалымат каражаттарын өкмөт каттайт? Министрдин орун басары даяр эмес экен. Эки сөздүн башын бириктирип сүйлөй албайт. Жоопкерчилигин караш керек. Эмне үчүн депутаттардын алдына келип, эки сөздү сүйлөй албай отурат”, - деди Момбеков.

Эл өкүлү Кенжебек Бокоев чийки келген мыйзамдарды комитеттен эле кайтарып, ал корутундуну өкмөт башчыга жиберүүгө тийиш. "Мен министрдин орун басарына айтат элем, орой айтканда тантырабай, кулакка угуучу аппарат тагынбай, кыргыз тилинде жакшылап даярданып келиш керек”, - деди Бокоев.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости